# 24-берене. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестри

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 24-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-24

---

1. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестри - бул Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелерине ылайык берилген катышуунун ипотекалык сертификаттары жөнүндө, берилген жана жок кылынган катышуунун ипотекалык сертификаттарынын жалпы саны жөнүндө, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлери жана аларга таандык катышуунун ипотекалык сертификаттарынын саны жөнүндө, нак кармоочулар, катталган башка адамдар жөнүндө жана аларга катталган катышуунун ипотекалык сертификаттарынын саны жөнүндө жазуулардын, ошондой эле катышуунун ипотекалык сертификаттарын сатып алуу, өткөрүп берүү, оорлотуу жөнүндө жазуулардын тутуму.

2. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча лицензиясы бар, көз карандысыз реестр кармоочу жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө келишим бир гана көз карандысыз реестр кармоочу менен түзүлүшү мүмкүн.

4. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруучу көз карандысыз реестр кармоочу жана ипотекалык жабымды башкаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча келишимди бузгандыгы үчүн катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин алдында бирдей жоопкерчилик тартышат.

Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруучу көз карандысыз реестр кармоочу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча келишимдин талаптарын бузгандыгы үчүн ипотекалык жабымды башкаруучунун алдында жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-25)
