# 23-берене. Ипотекалык жабымды ишеним башкарууга байланышкан сыйакылар жана чыгымдар

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 23-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-23

---

1. Ипотекалык жабымдын башкаруучусуна, депозитарийге, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзгөн каттоочуга ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебинен сыйакы төлөнөт жана ал сыйакынын суммасы ипотекалык жабымды түзгөн талаптар боюнча аткарылган милдеттенмелердин суммасынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.

2. Ипотекалык жабымды ишеним башкарууга, анын ичинде ипотекалык жабымды түзгөн талаптар боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууга күрөө катары коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алууга чегерүүгө, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелеринде көрсөтүлгөн мүлк менен жасалган бүтүмдөргө байланышкан чыгымдар ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебинен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-24)
