# 22-берене. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 22-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-22

---

1. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу ипотекалык жабымды башкаруучунун демилгеси же жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө талап берилген датага карата ипотекалык сертификаттардын жалпы санынын 10 пайызынан кем эмесин түзгөн ипотекалык сертификаттардын ээлеринин жазуу жүзүндө берген талабы боюнча чакырылат.

Жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин талабында аны чакыруунун себептери, ошондой эле жалпы чогулуштун күн тартиби камтылууга тийиш. Жалпы чогулушту чакыруу жөнүндөгү ипотекалык жабымды башкаруучунун билдирүүсү Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелеринде көрсөтүлгөн мезгилдүү басылмага жарыяланууга тийиш.

2. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин 60 пайызынан кем эмеси катышкан учурда катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун кворуму бар деп таанылат. Добуш берүүдө катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ар бири анын ээсине бирден добуш берет.

Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу чогулушка катышкан катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин көпчүлүк добушу менен чечимдерди кабыл алат.

3. Ипотекалык жабымды башкаруучуну алмаштыруу жөнүндө чечим чогулушка катышкан катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин 3/2синен кем эмес добушу менен кабыл алынды деп эсептелинет.

Ипотекалык жабымды башкаруучуну алмаштыруу жөнүндө чечим чогулушка катышкан катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган датадан тартып 10 күндүн ичинде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ипотекалык жабымдын жаңы башкаруучусун аныктоо үчүн конкурстук тандап алууну өткөрөт. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча алмаштырылууга жаткан ипотекалык жабымды башкаруучу конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган башка башкаруучуга ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү өткөрүп бергенге чейин өзүнүн милдеттерин аткарат.

4. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага шайланган чогулуштун төрагасы жана катчысы, ипотекалык жабымды башкаруучу кол коёт. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун протоколу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аны өткөргөн датадан тартып 30 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

5. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушун даярдоонун, чакыруунун жана өткөрүүнүн тартибине кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

6. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебинен толтурулат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-23)
