# 21-берене. Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелери

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 21-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-21

---

1. Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелеринде төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:

1) ипотекалык жабым менен катышуунун ипотекалык сертификаттарын идентификациялоочу жеке белгилөө;

2) ипотекалык жабымды башкаруучунун толук фирмалык аталышы;

3) ипотекалык жабымдын депозитарийинин толук фирмалык аталышы;

4) катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү каттоочунун толук фирмалык аталышы;

5) ипотекалык жабымды башкаруучунун укуктары жана милдеттери;

6) ипотекалык жабымды ишеним башкаруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү;

7) катышуунун ипотекалык сертификаттарынын саны жана аларды берүүнүн тартиби;

8) катышуунун ипотекалык сертификаттарын жок кылууга байланыштуу акча каражаттарын төлөп берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;

9) талаптары ипотекалык жабымды түзгөн милдеттенмелер боюнча алынган төлөмдөрдүн эсебинен катышуунун ар бир ипотекалык сертификаты боюнча акча каражаттарын төлөп берүүнүн тартиби, ошондой эле мындай төлөп берүүнүн мөөнөтү тийиштүү төлөмдөрдү алган күндөн тартып 3 айдан ашпоого тийиш;

10) катышуунун ипотекалык сертификатын жабууга байланыштуу төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасын аныктоонун тартиби;

11) катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрине катышуунун ипотекалык сертификаттарын сатып алуу, өткөрүп берүү жана жабуу жөнүндө жазууларды киргизүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;

12) катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин укуктары;

13) катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушун чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби;

14) катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү ипотекалык жабымды башкаруучунун, депозитарийдин, каттоочулардын сыйакыларынын өлчөмү;

15) ипотекалык жабымды ишеним башкарууга байланышкан жана ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебинен төлөнө турган чыгымдардын түрлөрү жана максималдуу өлчөмү;

16) ипотекалык жабымды ишеним башкарууга байланышкан, анын ичинде тийиштүү маалымат жарыялануучу мезгилдүү басма сөздүн аталышы боюнча маалыматтарды ачып берүүнүн тартиби;

17) ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда ипотекалык жабымды башкаруучудан ипотекалык жабымды ишеним башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин катышуунун ипотекалык сертификатынын ээсинде бул келишимди токтотууну талап кылуу укугунун жоктугун көрсөтүү.

2. Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежеси, ошондой эле ага киргизилген өзгөртүүлөр баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталууга тийиш.

3. Ипотекалык жабымды башкаруучу Ипотекалык жабымды ишеним башкаруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, ал баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталгандан жана мезгилдүү басылмага жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-22)
