# 20-берене. Ипотекалык жабымды башкаруучунун ишине чек коюу

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 20-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-20

---

Ипотекалык жабымды башкаруучу төмөнкүлөргө укуксуз:

1) ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү депозитарийдин макулдугусуз тескөөгө;

2) ипотекалык жабымды түзүүчү мүлктүн эсебинен каалаган башка мүлктү сатып алууга;

3) ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү акысыз ажыратууга;

4) зайым келишиминин жана кредиттик келишимдин шарттарында ипотекалык жабымды түзүүчү мүлктүн эсебинен кайтарылууга тийиш болгон акча каражаттарын алууга;

5) ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн эсебинен зайымдарды берүүгө;

6) ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү жеке милдеттенмелерин же үчүнчү жактын милдеттенмелерин аткаруу үчүн пайдаланууга;

7) Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелерине ылайык сыйакыларды алуу учурларын кошпогондо, ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү сатып алууга;

8) анын ишеним башкаруусунда турган ипотекалык жабымды түзгөн мүлктүн курамындагы менчик мүлктү ажыратууга.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-21)
