# 19-берене. Ипотекалык жабымды түзгөн мүлктөрдү обочолотуу

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 19-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-19

---

1. Ипотекалык жабымды түзгөн мүлк жана башка талаптар ипотекалык жабымды башкаруучунун мүлкүнөн, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин мүлкүнөн, аталган башкаруучунун ишеним башкаруусунда турган ипотекалык жабымды түзгөн башка мүлктөн, ошондой эле ишеним башкаруудагы же башка негиздер боюнча аталган башкаруучуда турган башка мүлктөн обочолонот. Ипотекалык жабымды түзгөн мүлк ипотекалык жабымды башкаруучу тарабынан өзүнчө баланста эске алынат жана ал боюнча өз алдынча эсепке алуу жүргүзүлөт.

2. Ипотекалык жабымды ишеним башкарууга байланышкан операциялар боюнча эсептешүү үчүн өзүнчө банк эсеби (өзүнчө банк эсептери) ачылат, ал эми ипотекалык жабымды түзгөн ипотекалык күрөөлүккө жана мамлекеттик баалуу кагаздарга болгон укуктардын эсебин алуу үчүн өзүнчө депо эсеби ачылат. Мындай эсептер ипотекалык жабымды башкаруучунун наамына ачылат, анда анын ишеним башкаруучу катары жана катышуунун ипотекалык сертификаттарын идентификациялоочу жеке белгилөөчү катары аракеттенери көрсөтүлөт. Мында катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин аттары (аталыштары) көрсөтүлбөйт.

Ипотекалык жабымдын курамына кирүүчү кыймылсыз мүлктүн күрөөсүн мамлекеттик каттоодо кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестринде катышуунун ипотекалык сертификаттарын идентификациялоочу жеке белгилөө көрсөтүлөт, ал тийиштүү талаптарды ичине камтыган ипотекалык жабымды ишеним башкарууну жүзөгө ашыруучу менчик ээлеринин кызыкчылыгында жасалат да, төмөндөгүдөй жазуу жазылат: "Кыймылсыз мүлктүн бул объектисинин күрөө кармоочулары жана алар жөнүндөгү маалыматтар катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестриндеги катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жеке эсептеринин маалыматтарынын жана катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин депо эсептеринин негизинде белгиленет".

3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин карыздары боюнча, анын ичинде алар банкрот (кудуретсиз) болгондо ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү өндүрүп алууга чегерүүгө жол берилбейт. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин карыздары боюнча аларга таандык катышуунун ипотекалык сертификаттарын өндүрүп алууга чегерилет. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлери банкрот (кудуретсиз) болгон учурда аларга таандык болгон катышуунун ипотекалык сертификаттары жалпы жоюу массасына киргизилет.

4. Ипотекалык жабымды башкаруучу кудуретсиз (банкрот) деп таанылган учурда ипотекалык жабымды түзгөн мүлк анын жалпы жоюлуучу массасына киргизилбейт.

Ипотекалык жабымды башкаруучу кудуретсиз (банкрот) деп таанылган же анын лицензиясы жокко чыгарылган учурда ипотекалык жабымды түзгөн мүлк 30 күндүн ичинде конкурстук негизде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тандалган лицензиясы бар башка башкаруучунун ишеним башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү конкурс аркылуу тандалып алынган ипотекалык жабымды башкаруучуга өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Ипотекалык жабымдын башкаруучусу катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин алдында ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Ипотекалык жабымды ишеним башкаруу эрежелерин бузгандыгынын натыйжасында аларга чыгым келтирген учурда жоопкерчиликти тартат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-20)
