# 18-берене. Ипотекалык жабымы бар ишеним башкаруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 18-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-18

---

1. Талаптары ипотекалык жабымды түзгөн милдеттер боюнча төлөмдөрдү алуу (кабыл алуу) жолу менен ипотекалык жабымды ишеним башкарууну, аталган төлөмдөрдүн эсебинен акча каражаттарын катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлерине которууну (төлөөнү), мындай милдеттенмелерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда карызкордун мүлкүн, анын ичинде аталган милдеттенмелерди камсыз кылууга коюлган күрөөлөрдү өндүрүп алууга чегерүүнү, талаптары ипотекалык жабымды түзгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууну, ошондой эле ушул Мыйзамга жана Ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелерине каршы келбеген ушуга байланышкан башка аракеттерди жасоо жолу менен ипотекалык жабымды башкаруучу жүзөгө ашырат.

2. Ипотекалык жабымды башкаруучу ипотекалык жабымды ишеним башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу сотто доо коюуга жана доо боюнча жоопкер катары чыгууга укуктуу.

3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлери ипотекалык жабымды түзгөн милдеттенмелерди, талаптарды аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо тобокелдигин тартат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-19)
