# 17-берене. Ипотекалык жабымды ишеним башкарууну уюштуруу жана катышуунун ипотекалык сертификаттарын чыгаруу

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 17-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-17

---

1. Ипотекалык жабымды ишеним башкарууну уюштурууда ишеним башкаруучу менен бир чыгарылыштагы ипотекалык жабымы бар облигациялардын ээлеринин ортосунда анын ипотекалык жабымын түзгөн мүлктү ишеним башкарууга берүү жөнүндө келишим түзүлөт. Аталган келишим ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү ишеним башкарууга берүү жөнүндө оферттин шарттарын акцепттөө жолу менен аталган облигациялардын ээлери тарабынан түзүлөт. Аталган оферт катары ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүчү Ипотекалык жабымды ишеним башкаруу эрежеси чыгат. Ипотекалык жабымды түзгөн мүлктү бөлүштүрүүгө жана андан үлүштөрдү натуралай бөлүп кетүүгө жол берилбейт.

2. Ушул беренеге ылайык ишеним башкарууга берилген ипотекалык жабымдагы ипотекалык жабымдары бар облигациялардын ээлеринин үлүшү катышуунун ипотекалык сертификаты менен күбөлөндүрүлөт. Инвестициялык активдерди ишеним башкарууга лицензиясы бар жана ипотекалык жабымы бар облигациялардын эмиссиясынын проспектинде ипотекалык жабымдын ишеним башкаруучусу катары көрсөтүлгөн жак катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмитенти болуп чыгат.

3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестриндеги ипотекалык жабымы бар облигациялардын ээлеринин өздүк эсептерине кириштөө жазуулары киргизилген учурдан тартып же болбосо ипотекалык жабымды түзгөн бардык мүлккө болгон менчик укуктары ишеним башкаруучуга өткөн учурдан тартып, кийин кандай болоруна карабастан, ипотекалык жабымы бар облигациялардын эмитентинин алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелери толук аткарылды, ал эми облигациялар болсо жабылды деп эсептелет.

4. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга жатат. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын мамлекеттик каттоого албай туруп аларды жайгаштырууга тыюу салынат. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясын мамлекеттик каттоо ага ылайык Ипотекалык жабымды ишеним башкаруу эрежелерин бир мезгилде каттоо менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-18)
