# 14-берене. Ипотекалык жабымы бар облигацияларды ипотекалык жабымга өндүрүп алуу

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 14-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-14

---

1. Эмитент тарабынан ипотекалык жабымы бар облигациялар боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, мындай облигацияларды түзгөн ипотекалык жабымдар ушул Мыйзамда каралган тартипте өндүрүлөт.

2. Ипотекалык жабымдары бар облигациялар боюнча ипотекалык жабымдарга өндүрүп алуунун тартиби соттон тышкары гана болууга тийиш жана анда алардын эмиссиясынын проспектинде бул максаттар үчүн көрсөтүлгөн жак тарабынан ипотекалык жабууну ишеним башкарууну уюштуруу каралат. Ипотекалык жабымды ишеним башкаруу ипотекалык жабымы бар тийиштүү облигациялар боюнча окшош шарттарда жана укуктарда катышуунун ипотекалык сертификаттарын чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын чыгаруунун жана жүгүртүүнүн тартиби жана ага коюлуучу талаптар, ошондой эле ипотекалык жабымды ишеним башкаруунун эрежелери ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-15)
