# 11-берене. Ипотекалык жабымы бар облигациялар боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу

- Документ: [Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111380)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 101 "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2199/edition/727741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111380/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө, 11-берене (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-11

---

1. Ипотекалык жабымы бар облигациялар боюнча милдеттенмелерди аткаруу ипотекалык күрөөлүктү аткарууну алган алардын эмитентинин укуктары менен, ошондой эле биринчи ээлик кылган адамда ушундай ипотекалык жабымы бар облигацияларга укуктар пайда болгон учурдан тартып ипотекалык жабымдын күрөөсү менен камсыз кылынат.

Ипотекалык жабымы бар облигация анын ээсине ипотекалык жабымдын күрөөсүнөн келип чыгуучу бардык укуктарды берет. Ипотекалык жабымы бар облигацияларга болгон укуктун жаңы ээсине (сатып алуучуга) өтүшү менен ипотекалык жабымдын күрөөсүнөн келип чыгуучу бардык укуктар ага өтөт. Ипотекалык жабымы бар облигацияларга болгон укукту өткөрүп бербей туруп ипотекалык жабымдын күрөөсүнөн келип чыгуучу укуктарды өткөрүп берүү жараксыз болуп саналат. Ошол эле чыгарылыштагы ипотекалык жабымды түзгөн ипотекалык күрөөгө жана башка мүлктөргө карата мындай мүлктөрдү мамлекеттик же муниципалдык муктаждык үчүн сатып алган, реквизициялаган же улутташтырган учурларда - күрөө берүүчүгө тийиштүү камсыздандыруу ордун толтурууга, кайтарылуучу суммага, же анын ордуна күрөө берүүчүгө берилүүчү мүлккө карата бир чыгарылыштагы ипотекалык жабымы бар облигациялардын ар бир ээси ошол эле чыгарылыштагы ипотекалык жабымы бар облигациялардын башка ээлери менен бирдей укуктарга ээ.

2. Ипотекалык күрөөлүктү, ошондой эле ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелер жана башка мүлктөр боюнча талаптарды ипотекалык жабымдын курамына киргизүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда белгиленген тартипте катталууга жатат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111380/st-12)
