Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 07.07.2016 редакциясы
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) отуз үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Туунду баалуу кагаздар - баалуу кагазды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн механизми базалык активдин келишиминде белгиленген мөөнөттүн аралыгында сатып алуу же сатуу укугу менен же болбосо ушундай баалуу кагаздын негизин түзгөн базалык активдин баасын өзгөртүүгө байланыштуу пайда болуучу мүлктүк укук (милдеттенме) менен байланышкан баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
б) алтымыш үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туунду баалуу кагаздар;";
2) Мамлекеттик тилдеги 12-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "үч айлык мөөнөткө" деген сөздөр "алты айлык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Карыздык баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
Берененин тексти 07.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111379/st-1" title="1-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>