# КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 100 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 100 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2198/edition/725307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 100 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111379

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 7-июлу № 100 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111379/st-1)

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) отуз үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Туунду баалуу кагаздар - баалуу кагазды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн механизми базалык активдин келишиминде белгиленген мөөнөттүн аралыгында сатып алуу же сатуу укугу менен же болбосо ушундай баалуу кагаздын негизин түзгөн базалык активдин баасын өзгөртүүгө байланыштуу пайда болуучу мүлктүк укук (милдеттенме) менен байланышкан баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";

б) алтымыш үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туунду баалуу кагаздар;";

2) Мамлекеттик тилдеги 12-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "үч айлык мөөнөткө" деген сөздөр "алты айлык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Карыздык баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111379/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
