# 2-берене

- Документ: [Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2197/edition/1220488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111378/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-2

---

"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьянын 3-пунктунда:

а) он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;";

б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде.";

2) 9-статьянын 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында:";

3) 15-статьянын биринчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр "органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 20-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каржылык каражаттарды бөлүп берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардан ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берет.".

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-11)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-3)
