# 13-берене

- Документ: [Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2197/edition/1220488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111378/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 13-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-13

---

"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2776-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:";

2) 11-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндө "жактар тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111378/st-14)
