# 2585-статья. Арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111376)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111376/st-2585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2195/edition/1234687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111376/st-2585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2585-статья (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111376/st-2585

---

1. Арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат.

2. Арыз талап билдирген прокурордун жана эгерде турган жери белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен сот тарабынан каралат. Сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар болгон арызда көрсөтүлгөн адамдардын сотко келбей коюшу ишти кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн адамдардын турган жери белгисиз болгон учурда, сот арызды алар жок эле карайт.

---

Мурунку берене: [2584-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111376/st-2584)  
Кийинки берене: [2586-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111376/st-2586)
