# 1-берене

- Документ: [Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111373)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111373/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2192/edition/723521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111373/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111373/st-1

---

"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 31-статья менен толукталсын:

"31-статья. Жөнгө салуу чөйрөсү Ушул Мыйзам кургак учук менен ооруганда жарандардын укуктарын, милдеттерин жана социалдык кепилдиктерин регламенттейт, Кыргыз Республикасында калкты кургак учуктан сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана укуктук жөнгө салуунун тартибин аныктайт.";

3) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында:

- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелерди аныктайт;

- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт;

- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам уюштуруу боюнча узак мөөнөттүү комплекстүү программаларды бекитет жана алардын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштуруу тартибин аныктайт;

- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы статистикалык байкоо жүргүзүүнү уюштурат;

- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды жана стандарттарды иштеп чыгат жана бекитет;

- кургак учукка каршы жардам көрсөтүү тутумун уюштурат;

- кургак учукту диагностикалоо, дарылоо жана профилактикалоо жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды иштеп чыгат жана бекитет;

- кургак учукка каршы жардам көрсөтүүгө көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө карата аларга кургак учук жуккан-жукпаганына дайыма көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырууну камсыз кылат.";

4) 9-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Активдүү кургак учуктун бардык жаңы табылган учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, милдеттүү түрдө мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга жатат.";

5) 11-статьясынын 6-бөлүгүндө "ден соолук чыңдоочу" деген сөздөр "профилактикалык" деген сөзгө алмаштырылсын;

6) 12-статьясынын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

7) 13-статьяда:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө көрсөтүлгөн жаныбарларга кургак учук жуккан-жукпаганына дайыма көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";

б) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Адамдарга кургак учуктун жугушунун алдын алуу, ошондой эле адамдардын жана айыл чарба жаныбарларынын кургак учук менен ооруп калган учурлары жөнүндө маалымдоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";

8) 15-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бейтап баракчасын көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча узартуу же эмгекке туруктуу жарамсыздыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";

9) "18 жана 19-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

---

Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111373/st-18)
