Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 30-июну № 93 Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо жөнүндө (КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Жөнгө салуу предмети жана максаттары Ушул Мыйзам эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын (мындан ары - зыян) ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоонун жалпы тартибин аныктайт.
2-берене. Индексациялоонун маңызы Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индексинин өсүшүн эске алуу менен зыяндын ордун толтуруунун суммасына оңдоо киргизүү механизмин билдирет.
3-берене. Индексациялоо үчүн негиздер
1. Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индексинин өсүшү зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
2. Баалардын индекси расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан эсептелет.
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Баалардын индексинин чоңдугу (босогосу) Баалардын индексинин чоңдугу (босогосу) жогорулаганда зыяндын ордун толтуруу 5 пайыз өлчөмүндө индексацияланат, белгиленет.
5-берене. Индексациялоого жаткан суммалардын өлчөмдөрү Эмгекке жарамдуу калк үчүн өлчөмү жашоо минимумунан ашпаган зыяндын ордун толтуруунун суммасы индексацияланууга жатат.
6-берене. Индексациялоонун мезгилдүүлүгү жана тартиби
1. Зыяндын ордун толтуруу суммасын индексациялоо керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси мурдагы индексациялоо учурунан тартып баалардын индексинин чоңдугун (босогосун) 5 пайыз өлчөмүндө жогорулаган айда жүргүзүлөт. Зыяндын ордун толтуруунун индексацияланган суммасы кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап төлөнөт.
2. Зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7-берене. Индексациялоону каржылоо булактары Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан зыяндын орду толтурулуучу суммаларды индексациялоону каржылоонун булактары республикалык бюджет; жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыныкы жана муниципалдык мекемелердики - жергиликтүү бюджет; башка уюмдардыкы - өз каражаттары болуп саналат.
8-берене. Корутунду жобо Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 5-июлунда № 59 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 598-VI "Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден…Постановление · 26.05.2016 · № 598-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 198-VI "Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эсепке алуу менен иш берүүчүнүн күнөөсүнөн…Постановление · 20.01.2016 · № 198-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 457-VI "Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн…Постановление · 14.04.2016 · № 457-VI
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 90 "Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден…Постановление · 09.02.2017 · № 90
- Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 83
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 16 "Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек…Постановление · 20.01.2015 · № 16 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 83