# КР 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2190/edition/1274474/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111371

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 29-июну № 92 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89, 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111371/st-1)

(КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111371/st-2)

(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111371/st-3)

"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 36-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы ижарага берилиши мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111371/st-4)

2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү мамлекеттик маданият мекемелерине карата ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "б" пунктчасын жана ушул Мыйзамдын 3-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
