# КР 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2187/edition/1103290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111368

---

КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 139 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июну № 89 "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111368/st-1)

"Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.";

2) 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү - жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт жана анын иши жөнүндө жобону бекитет;

- судьялардын тартиптик жоопкерчилигин оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлардын тизмегин белгилейт;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жарандык коомдон мүчөлөрүн шайлоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин аныктайт;

- судьяны сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун негизин жана тартибин аныктайт.";

3) 101-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн тиешелүү соттун судьясынын жана отставкадагы судьянын талапкерлигин сунуш кылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111368/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
