# 20-берене. МЖӨ долбоорун жеке өнөк тарабынан демилгелөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2186/edition/959166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111367/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 20-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-20

---

1. Жеке өнөктөр МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөккө кайрылууга укуктуу. Сунушка тандалып алынган долбоорго карата МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары, сарптоолордун жана салымдардын болжолдуу суммасы жөнүндө маалымат тиркелүүгө тийиш. Аталган документтерге кошумча жеке өнөк демилгеленүүчү МЖӨ долбооруна тиешелүү башка документтерди берүүгө укуктуу.

Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушу тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органды кабарлайт.

2. Эгерде мамлекеттик өнөк ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бул мезгилдин ичинде кошумча маалыматты суратпаса, ал мындай сунушту 30 календардык күндүн ичинде кабыл алууга же болбосо четке кагууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик өнөк кошумча маалыматты бир жолу суратууга укуктуу. Мындай суратуу себептерин түшүндүрүү менен коштолууга тийиш. Жеке өнөк суратылган маалыматты суратуу алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча маалыматтар суратылган учурда, кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтү жеке өнөктөн кошумча маалымат алынгандан кийин 30 календардык күндү түзөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жеке өнөктөн кошумча маалымат берилбеген учурда сунушту кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кошумча маалыматты берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

4. Сунуш четке кагылган учурда мамлекеттик өнөк себептерин негиздөө менен бул тууралуу жеке өнөккө кабарлоого, ошондой эле жеке өнөк тарткан чыгашалардын ордун толтурбастан, ал мурда берген документтердин бардык түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн жеке өнөккө бир убакта кайтарып берүүгө тийиш.

5. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушуна макул болгон учурда, МЖӨ долбоору ушул Мыйзамда каралган тартипте андан ары жылдырылууга жатат.

6. Эгерде жеке өнөктөрдүн бири да тендерди утпаган же тендер өткөрүлбөгөн болуп таанылган учурда, жеке өнөк тарткан чыгашалардын баары орду толтурулууга жатпайт.

7. Эгерде мамлекеттик өнөк менен жеке өнөк башка тууралуу макулдашпаса, тендердик документтерди даярдоо үчүн талап кылынгандардан тышкары, МЖӨ долбоорун демилгелеген жеке өнөк мамлекеттик өнөккө берген бардык документтер жана маалыматтар купуя болуп саналат жана МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушун баалоо максатында гана пайдаланылууга тийиш.";

8) 22-берененин он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

9) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-берене. Макулдашуунун башка жоболору МЖӨ долбоору боюнча каржылоону алуу үчүн мамлекеттик өнөк каржылык мекемелер менен түз макулдашуу түзүү укугуна ээ. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинде айтылган милдеттүү жоболорго карата толуктоо, МЖӨ жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболорду камтышы мүмкүн.";

10) 24-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 27-берененин бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

12) 29-берененин 3-бөлүгүндө "кабарлоо менен жүргүзүлөт" деген сөздөр "кабарлоосуз жүргүзүлбөйт" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 30-берененин 3-бөлүгүндө "мүмкүн" деген сөз "мүмкүн эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 32-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

15) 34-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын сотторунда" деген сөздөр "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-19)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-2)
