# 16-берене. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2186/edition/959166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111367/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 16-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-16

---

1. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактарды өнүктүрүү программаларын, айрым аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнүн башка программаларын жана пландарын эске алуу менен мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. МЖӨ долбоорун демилгелөө процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) тандалып алынган инфратүзүм объектине МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин, долбоорго карата минималдык талаптарды, мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоону жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн түрлөрүн жана шарттарын, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди камтыган потенциалдуу долбоорду алдын-ала баалоонун мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалышын;

2) демилгеленген МЖӨ долбоору мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бергендигинин негиздемесин.

3. Демилгеленген МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин, мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-1)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-17)
