16-берене. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
1. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактарды өнүктүрүү программаларын, айрым аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнүн башка программаларын жана пландарын эске алуу менен мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. МЖӨ долбоорун демилгелөө процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) тандалып алынган инфратүзүм объектине МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин, долбоорго карата минималдык талаптарды, мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоону жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн түрлөрүн жана шарттарын, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди камтыган потенциалдуу долбоорду алдын-ала баалоонун мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалышын;
2) демилгеленген МЖӨ долбоору мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бергендигинин негиздемесин.
3. Демилгеленген МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин, мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт.
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111367/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>