# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2186/edition/959166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111367/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 2, 1899-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) алтынчы абзацында "Өкмөт," деген сөз алып салынсын, "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;

б) тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"тендер - жеке өнөктү тандоо процесси;";

в) онунчу абзацы "иштелип чыгуучу" деген сөздөрдөн кийин "жана тендердик документтерде чагылдырылуучу" деген сөздөр менен толукталсын;

г) он экинчи жана он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

д) жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"тендердик документтер - жеке өнөктү тандап алуунун мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыккан критерийлери;";

е) жыйырма биринчи абзацында "же мындай юридикалык жактардын бирикмеси" деген сөздөр алып салынсын;

2) 3-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 8-берененин жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 9-беренеде:

а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик өнөктөр тарабынан демилгеленген МЖӨ долбоорлорун баалоо жана бекитүү;";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүдө жана коштоодо мамлекеттик өнөктөргө көмөк көрсөтүү;";

5) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-берене. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы Өкмөт тарабынан аныкталган тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясына тендердик документтерди бекитүү, ошондой эле тендердик документтерге өзгөртүүлөрдү бекитүү кирет.";

6) 12-берененин 3-бөлүгүндө:

а) 2-пунктунда "банктык" деген сөз "кредиттик" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:

"8) анын каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында МЖӨ долбоорунун минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;

9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкалардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата кепилдиктерди берүү.";

7) 15-20-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15-берене. МЖӨ долбоорунун баскычтары МЖӨ долбоорунун баскычтары төмөнкүлөр болуп саналат:

- МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө;

- МЖӨ долбоорун даярдоо;

- жеке өнөктү тандоо;

- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу.

---

Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111367/st-16)
