# 9-берене. Күрөө билетин жол-жоболоштуруу тартиби

- Документ: [Ломбарддардын иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111366)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 87 "Ломбарддардын иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366#diff=1241119..1241120>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2185/edition/1241117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111366/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбарддардын иши жөнүндө, 9-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-9

---

1. Күрөө билети эки нускада жол-жоболоштурулат. Күрөө билетинин ар бир нускасына катар номер жана ломбарддын мөөрү коюлат. Күрөө билетинин бир нускасы ломбардда сакталат, экинчи нускасы зайымчыга берилет.

2. Күрөө билети төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) ломбарддын аталышын жана дарегин (турган ордун);

2) зайымчынын фамилиясын, аты-жөнүн, анын туулган датасын, жарандыгын, паспортунун же зайымчынын инсандыгын ырастоочу башка документинин маалыматтарын;

3) күрөөгө коюлган мүлктүн тизмегин жана сыпаттамасын;

4) күрөөгө коюлган мүлктү баалоонун суммасын;

5) берилген зайымдын суммасын;

6) кайра кайтаруу датасын көрсөтүү менен зайымдын берилген датасын жана мөөнөтүн;

7) зайымдын пайыздык ставкасын (бир календардык күнгө кошуп эсептелүүчү зайым боюнча пайыздык ставканы милдеттүү түрдө көрсөтүү менен).

3. Күрөө билети ушул Мыйзамда жана ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.

4. Күрөө билети ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган талаптарга ылайык жол-жоболоштурулат жана күрөө билетинин ар бир нускасы ломбарддын өкүлдөрүнүн жана зайымчынын колу жана ломбарддын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

5. Күрөө билетинин формасы, аны түзүүнүн жана зайымчыга берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-10)
