# 7-берене. Зайым келишими

- Документ: [Ломбарддардын иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111366)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 87 "Ломбарддардын иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 мая 2024 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере ломбардной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366#diff=1241120..10147>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2185/edition/1241117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111366/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбарддардын иши жөнүндө, 7-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-7

---

1. Зайым келишимин түзүүдө ломбард тарабынан зайымчыга күрөө билетин берүү жүзөгө ашырылат жана ар бир зайымды берүүдө ломбард жаңы күрөө билетин берет.

2. Зайым келишиминин шарттары боюнча ломбард зайымчыга белгилүү мөөнөткө кыска мөөнөттүү зайымды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында берет.

3. Зайым келишимин түзүүдө ломбард кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун негизинде зайымчыга бир жылдан ашык эмес мөөнөткө акча каражаттарын берет. Зайымчы күрөө предмети болуп саналган мүлктү ломбардга өткөрүп берет.

4. Зайым келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ага тараптар кол коёт. Зайымдын суммасы зайымчыга берилген жана күрөөгө коюлуучу мүлк ломбардга өткөрүп берилген учурдан тартып зайым келишими түзүлдү деп эсептелет.

Эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен кем эмес ашса, зайым келишими нотариалдык формада түзүлөт.

5. Күрөөгө коюлган мүлктүн аталышы, ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык жүргүзүлгөн аны баалоонун суммасы, берилген зайымдын суммасы, зайымдын пайыздык ставкасы жана аны берүүнүн мөөнөтү зайым келишиминин олуттуу шарттары болуп саналат.

6. Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкага жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат.

(КР 2024-жылдын 23-майындагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-8)
