# 13-берене. Талап кылынбаган мүлктү сатып өткөрүү

- Документ: [Ломбарддардын иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111366)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 87 "Ломбарддардын иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2185/edition/1241117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111366/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбарддардын иши жөнүндө, 13-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-13

---

1. Зайымчынын талап кылынбаган мүлкүн сатуу зайым келишиминин шарттарына ылайык мүлктү саткан күнү жүзөгө ашырылат.

2. Өндүрүп алууга багытталган талап кылынбаган мүлктү сатуу, анын ичинде ачык тооруктарда сатуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Талап кылынбаган мүлктү сатуу боюнча ачык тооруктар ачык аукцион формасында өткөрүлөт.

3. Талап кылынбаган мүлк сатылгандан кийин зайымчыга карата ломбарддын талаптары, талап кылынбаган мүлктү сатуудан түшкөн сумма карызды жабуу үчүн жетишсиздигине карабастан, канааттандырылды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-14)
