# 12-берене. Талап кылынбаган мүлккө карызды өндүрүп алуу

- Документ: [Ломбарддардын иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111366)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 87 "Ломбарддардын иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2185/edition/1241117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111366/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбарддардын иши жөнүндө, 12-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-12

---

1. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин, зайымчы эгерде зайым келишиминде каралган ломбарддын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаса, күрөөгө коюлган мүлк талап кылынбаган деп эсептелет.

2. Ломбард берилген карызды өндүрүп алуунун ордун талап кылынбаган мүлктүн эсебинен толтурууга укуктуу.

3. Талап кылынбаган мүлктүн эсебинен карызды өндүрүп алуу нотариустун аткаруу жазууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Зайымчы талап кылынбаган мүлк сатылганга чейин ломбарддын алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу менен кандай болбосун убакытта карызды өндүрүп алууну токтотууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-13)
