# 11-берене. Зайым келишими боюнча жеңилдетилген мөөнөт

- Документ: [Ломбарддардын иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111366)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 87 "Ломбарддардын иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 декабря 2018 года № 105 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О деятельности ломбардов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111849)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366#diff=1241118..1241119>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2185/edition/1241117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111366/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбарддардын иши жөнүндө, 11-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-11

---

1. Эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ломбард бир айга тең келген жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алууну багыттоого укуксуз.

2. Күрөө билетинде көрсөтүлгөн зайымды кайтарып берүү күнүнөн кийинки күн жеңилдетилген мөөнөттүн башталган күнү деп эсептелет.

3. Жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде жана андан ары күрөөгө коюлган мүлк сатылган күнгө чейин ломбард зайым келишиминде каралган зайым боюнча пайыздык ставканы жогорулатууга, күрөөгө коюлган мүлктүн сакталуу шарттарын начарлатууга, ошондой эле аны сактоо үчүн сыйакы алууга укуксуз.

(КР 2018-жылдын 22-декабрындагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-12)
