# 1-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ломбарддардын иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111366)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 87 "Ломбарддардын иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2185/edition/1241117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111366/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ломбарддардын иши жөнүндө, 1-берене (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) ломбард - жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зайым берүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак (адистештирилген уюм);

2) ломбарддардын иши - жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зыйымдарды берүү боюнча лицензиясы бар юридикалык жактардын иши;

3) ломбарддын аймагы - зайымчыларды кабыл алуу, кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү, финансылык документтерди, накталай акчаларды, күрөөгө коюлган мүлктү сактоо үчүн арналган негизги жайдын кайтарылуучу адистештирилген аймагы;

4) чакан габариттүү мүлк - ломбарддын аймагында орнотулган ломбарддын күйбөй турган сейфинде сакталган зергердик буюмдар, ошондой эле башка кыймылдуу мүлк;

5) ири габариттүү мүлк - ломбарддын аймагында сакталган кыймылдуу мүлк;

6) зайым боюнча документтер - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасындагы жарандык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген зайым келишими, күрөө билети, ошондой эле башка документтер;

7) зайым келишими - ломбард менен зайымчынын ортосунда күрөө билетин берүү менен белгилүү мөөнөткө түзүлгөн келишим;

8) күрөө билети -кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлүүчү жана берилүүчү, зайым жөнүндө келишимге кол коюуда зайымчыга берилүүчү күрөөлүктү эсепке алуу документи;

9) күрөөлүк - күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөөгө коюлган мүлк күрөө коюучудан күрөө кармоочунун ээлигине берилген күрөөнүн түрү;

10) талап кылынбаган мүлк - ломбардга берилген жана зайым келишиминде аныкталган мөөнөттө зайымчы тарабынан талап кылынбаган мүлк.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111366/st-2)
