# КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2184/edition/764953/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111365

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 22-июну № 86 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111365/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 30-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357-359-статьяларын копшогондо), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357-359-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.";

2) 357-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"357-статъя. Банк операцияларын лицензиясыз/күбөлүксүз жүзөгө ашыруу Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз/күбөлүксүз ("Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамга ылайык күбөлүктүн негизинде өз ишин жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялар) жана агентстволор үчүн) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошуп алганда, банк операцияларын жүзөгө ашыруу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң, кызмат адамдарына - бир миң беш жүз, юридикалык жактарга - эки миң беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

3) 358-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң, кызмат адамдарына - бир миң беш жүз, юридикалык жактарга - эки миң беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

4) 359-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"359-статья. Банк мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктар, финансылык-кредиттик мекемелер же башка жактар тарабынан банктык, микрокаржылоо мыйзамдарынын, төлөм тутуму жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу тууралуу, кредиттик союздар тууралуу мыйзамдардын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү көрсөтмөлөрүн жана талаптарын аткарбоо, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, кызмат адамдарына - беш жүз, юридикалык жактарга - бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111365/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
