# КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2180/edition/1120080/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111361

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 22-июну № 82 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111361/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 227-берененин 2-бөлүгүндө "263" деген цифралар "2631" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 237-беренеде "2561" деген цифралар "2562" деген цифраларга алмаштырылсын;

3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2562-берене менен толукталсын:

"2562-берене. Эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн реактивдүү отундун берими Май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камдамдар катары реактивдүү отундун берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.";

4) "257-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:

"16) май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камдамдар катары импорттолуучу реактивдүү отун.";

5) 297-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "90" деген цифралар "180" деген цифраларга алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111361/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
