# 99-берене. Өрт өчүрүүчү аспапка карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 99-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-99

---

1. Өрт өчүрүүчү аспап функционалдык арналышына жараша төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:

1) ар кыл курулуш конструкцияларын кесүү, көтөрүү, жылдыруу жана бекитүү боюнча жумуштарды;

2) тешиктерди жана оюктарды жасоо, курулуш конструкцияларын жана материалдарын майдалоо боюнча жумуштарды;

3) ар түрдүү диаметрдеги түтүктөрдүн көзөнөктөрүн тыгындоо, идиштердеги жана өткөрмө түтүктөрдөгү тешиктерди бүтөө боюнча жумуштарды.

2. Механикалаштырган кол аспабы адам денесинин бөлүктөрү жана кийими кыймылдуу механизмдери кокус алдыруудан сактоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.

Механикалаштырылган өрт өчүрүүчү аспапты башкаруу органдары ага киргизилген маалыматтарды арсар чечмелөөнү четтетүүчү көрсөткүчтөр менен жабдылууга тийиш.

3. Механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган өрт өчүрүүчү аспаптардын конструкциясы жумушчу элементтерин ылдам алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.

4. Өрт өчүрүүчү аспаптын ашташкан түйүндөрүнүн конструкциясы ачкычтарды же слесардык башка аспаптарды колдонбостон, кол менен эле алардын ишенимдүү бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.

5. Өрт өчүрүүчү аспаптын конструкциясы авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө оператордун электр коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-100)
