# 98-берене. Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарына карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 98-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-98

---

1. Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттары эвакуациянын коопсуздугун же адамдардын өзүн-өзү сактап калышын камсыз кылууга тийиш. Мында ушул функциялардын аткарылышынын камсыз болуу деңгээли механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулук көрсөткүчтөрү, өрт убагында адамдарды түтүн каптаган жайдан эвакуациялоодо күйүүнүн уулуу продуктуларынан коргоочу жана ар кандай арналыштагы имараттар менен курулмалардын бийиктик деңгээлдеринен адамдардын куткарылышын камсьв кылуучу шарттарга жараша аныкталган эргономикалык жана коргоочу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт.

Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарынын конструкциясы эксплуатациялоодо ишенимдүү жана жөнөкөй болууга жана ким болбосун аларды алдын ала даярдыксыз пайдалана алуусуна мүмкүндүк берүүгө тийиш.

2. Жеке коргоо каражаттарынын колдонуу жааты, функционалдык арналышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана коопсуздук талаптары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-99)
