# 95-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн коргоочу атайын кийимдерине карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 95-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-95

---

1. Коргоочу (жалпы арналыштагы, жылуулуктун таасиринен коргоочу жана изоляциялоочу типтеги) атайын кийимдер өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын жана өрттүн кооптуу факторлорунан же башка өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууга тийиш.

2. Коргоочу атайын кийимдерде пайдаланылган материалдар жана конструкциялык аткарылышы кийимдин ичине от өчүрүүчү заттардын киришине тоскоол болууга жана кийимди шашылыш чечүү мүмкүнчүлүгүн, дем алуу аппаратынын баллонундагы басымды контролдоону жана маалыматты (добуштук, көрүнүүчү же атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен) кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.

3. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдердин конструкциясы жана колдонулуучу материалдар изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим кийип иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуучу ашыкча аба басымын кийим ичинде кармап турууга тийиш.

Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө пайдаланылуучу изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим адамдын терисин жана ички органдарын агрессиялуу жана (же) радиоактивдүү заттардан коргоону камсыз кылууга тийиш. Радиациялык кооптуу объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө пайдаланылуучу изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим мындан сырткары адамдын жашоосу үчүн маанилүү органдарын иондоштуруучу нурлануудан коргоону камсыз кылууга тийиш.

4. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдин салмагы өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-96)
