# 9-берене. Өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлору

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 9-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-9

---

1. Өрттүн адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) жалын жана учкун;

2) жылуулук агымы;

3) айлана-чөйрөнүн жогору температурасы;

4) күйүүнүн жана заттардын термикалык ажыроосунун уулуу продуктуларынын жогорку концентрациясы:

5) кычкылтектин төмөнкү концентрациясы;

6) түтүндөн көрүүнүн төмөндөшү.

2. Жарылуунун адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) жарылуунун максималдуу басымы жана температурасы;

2) жарылуу басымынын өсүү ылдамдыгы;

3) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн майдалоочу жана фугастык касиети.

Фронттогу кысым жана согуу толкуунун кысуу фазасынын импульсу жарылуу менен коштолгон авариялар үчүн кыйла мүнөздүү жабыркатуучу факторлор болуп саналат.

3. Өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлорун коштоочу көрүнүштөргө төмөнкүлөр кирет:

1) талкаланган аппараттардын, агрегаттардын, түзүлүштөрдүн жана конструкциялардын сыныктары, бөлүктөрү;

2) талкаланган аппараттардан жана орнотмолордон айлана-чөйрөгө тараган радиоактивдүү жана уулуу заттар менен материалдар;

3) конструкциялардын, аппараттардын жана агрегаттардын ток өткөрүүчү бөлүктөрүнө жогорку чыңалууну чыгаруу;

4) өрттүн кесепетинен болгон жарылуунун коркунучтуу факторлору;

5) өрт өчүрүүчү заттардын таасири.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-10)
