# 87-берене. От өчүргүчтөргө карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 87-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-87

---

1. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөр аларды жасап чыгарган ишкананын техникалык документтеринде көрсөтүлгөн аянттарда өрттү бир киши өчүрүүсүн камсыз кылууга тийиш.

2. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөрдөн чыккан от өчүрүүчү заттардын агымынын узундугу өрт өчүрүүдө адамдын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

3. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөрдүн конструкциялык элементтеринин бекемдик мүнөздөмөсү аларды өрт өчүрүүдө коопсуз колдонуусун камсыз кылууга тийиш.

4. От өчүргүчтөрдүн техникалык параметрлери жана алардын от өчүрүү жөндөмдүүлүгү белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттын талаптарына ылайык лабораториялык сыноолор менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-88)
