# 86-берене. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолоруна карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 86-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-86

---

1. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору күйүү процессинин келип чыгышына жана күчөөсүнө тоскоол болуучу шарттарды түзүү максатында от өчүрүүчү заттарды көлөмдүк же үстүнө жиберүү ыкмасы менен өрт өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.

2. Өрттү көлөмдүк ыкма менен өчүрүү корголуучу жайдын (имараттардын, курулмалардын) бүткүл көлөмүндө күйүүгө өбөлгө болбой турган чөйрөнүн түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.

3. Өрттү үстүнө жиберүү ыкмасы менен өчүрүү корголуучу аянтка от өчүрүүчү заттарды жиберүү жолу менен күйүү процессин жоюуну камсыз кылууга тийиш.

4. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунун иштеши имараттар менен курулмалардын жайларында жана ачык аянтчаларда өрттүн келип чыгышына жана (же) күйүүчү материалдардын жарылуусуна алып келбөөгө тийиш.

5. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун долбоорлоо жана монтаждоо боюнча талаптар тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-87)
