# 85-берене. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолоруна карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 85-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-85

---

1. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары бири-бири менен, ошондой эле алар менен өз ара аракеттенүүчү башка техникалык каражаттар менен электрдик жана маалыматтык шайкештикти камсыз кылууга тийиш.

2. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттарынын ортосундагы байланыш линиясы өрттө өрттү табуу, эвакуация, эвакуациянын убактысы, ошондой эле башка техникалык каражаттарды башкаруу үчүн зарыл убакыт жөнүндө сигналдарды берүү үчүн зарыл убакыттын ичинде алардын иштешин камсыз кылууну эске алуу менен аткарылууга тийиш.

3. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун өрт жабдууларын башкаруу приборлору башкарылуучу жабдуунун тибине жана конкреттүү объекттин талаптарына ылайык башкаруу принцибин камсыз кылууга тийиш.

4. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары алар өз функциясын аткарып жаткан убакта электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болууга тийиш.

5. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары корголуучу объект үчүн мүнөздүү болгон чектүү жол берилген деңгээлдеги электр-магниттик кедергилердин таасирине туруктуу болууга тийиш. Мында алар электр-магниттик кедергилер менен корголуучу объекттеги техникалык каражаттарга терс таасирин тийгизбеши керек.

6. Өрт сигнализациясынын автоматтык тутумдарын долбоорлоо жана монтаждоо боюнча талаптар тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-86)
