# 84-берене. От өчүрүүчү заттарга карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 84-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-84

---

1. От өчүрүүчү заттар өрт өчүрүүнүн тактикасына ылайык берүү мүнөздөмөлөрүнө жараша аларды көлөмдүк же үстүртөн жиберүү ыкмасы менен берүүдө өрттү өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.

2. От өчүрүүчү заттар күйүүчү заттар менен материалдардын физикалык-химиялык касиеттерине жараша колдонулууга тийиш.

3. От өчүрүүчү заттар ташуу жана сактоо мөөнөтүнүн мезгилинде өрт өчүрүү үчүн зарыл касиеттерин сактоого тийиш.

4. От өчүрүүчү заттар адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жол берилген маанилеринен ашуучу зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш.

5. От өчүрүүчү каражаттардын от өчүрүүчү жөндөмдүүлүгү, физикалык-химиялык касиеттери, ошондой эле алардын сапаты белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар белгилеген сыноолор менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-85)
