# 82-берене. Өндүрүш объекттеринде өрттүн таралышын чектөөгө карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 82-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-82

---

1. Имараттар менен курулмалардын ортосундагы, кампалардан имараттар менен курулмаларга чейинки, кампалардын, технологиялык ачык түзүлүштөрдүн, агрегаттар менен жабдуулардын ортосундагы, ошондой эле алардан имараттар менен курулмаларга чейинки, күйүүчү газдар үчүн газгольдерлерден өндүрүш объектинин аймагындагы имараттар менен курулмаларга чейинки аралыктар имараттардын отко туруктуулук даражасына, жарылуу жана өрт коркунучунун категориясына жана башка мүнөздөмөлөрүнө жараша өрттүн бир имараттан же курулмадан башкасына өтүү мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш.

Өндүрүш объекттеринин резервуар парктары же өзүнчө турган мунай продуктулар, суюлтулган газ, уулу заттар резервуарлары өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларына карата кыйла төмөн белгилерде жайгаштырылууга жана күйбөй турган материалдардан салынган туташ дубал менен же топурак жал менен (жердин рельефин эске алуу менен) тосулууга тийиш. Көрсөтүлгөн курулмаларды кыйла бийик белгилерде жайгаштырган учурда, жер үстүндөгү резервуарларда авария болгондо төгүлгөн күйүүчү суюктуктардын тосуучу курулмалардын чегинен өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн кошумча чаралар каралууга тийиш. Күйүүчү суюктуктар менен газдардын сырткы тармактарын өндүрүш объекттеринин имараттар менен курулмаларынын алдында жайгаштырууга жол берилбейт. Идиштеги мунай продуктуларын сактоонун өндүрүштүк объекттериндеги аянтчалардын периметри боюнча туюк жал же күйбөй турган материалдардан тосмо дубал салынышы каралууга тийиш. Андан тышкары, туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал жер үстүндөгү резервуарлардын ар бир тобунун периметри боюнча каралууга жана төгүлүүчү суюктуктун гидростатикалык басымына эсептелүүгө тийиш. Жер үстүндөгү резервуарлардын бир тобунун чегинде көлөмү 20000 м3 же андан ашык ар бир кийинки резервуар же көлөмдөрүнүн жалпы суммасы 20000 м3 болгон кичине резервуарлардын тобу ички туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал менен төмөнкүдөй бөлүнүүгө тийиш:

- май жана мазут резервуары башка мунай продукттарынын резервуарларынан;

- этил кошулган бензиндер сакталуучу резервуар топтун башка резервуарларынан.

Жал менен тосулган аймактын жалдардын жантайыңкы капталдары же тосмо дубалдар пайда кылуучу курулуш жок бош жерлеринин көлөмүн топтогу кыйла чоң резервуардын же өзүнчө турган резервуардын номиналдык көлөмүнө барабар төгүлүүчү суюктуктун эсептелген көлөмү боюнча аныктоо керек. Резервуарлардын ар бир тобундагы жалдардын жана тосмо дубалдардын бийиктиги, резервуарлардын капталдарынан жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын же тосмо дубалдардын түбүнө чейинки аралык Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Жер алдындагы резервуарларды жал менен тосуу ал резервуарларда мунай жана мазут сактоодо гана каралат. Жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын ортосунда пайда болуучу боштуктун көлөмү топтогу кыйла чоң резервуардагы суюктуктун 10 пайыз көлөмүнө барабар төгүлүүчү суюктукту кармап туруу шартына негизденип аныктоо керек.

2. Күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүндөгү тармагын өндүрүш объектинин аймагында жайгаштыруу төмөнкүлөр үчүн тыюу салынат:

1) күйүүчү суюктуктар жана газдар бар транзиттик ички аянтчалуу өткөрмө түтүктөрдү - эстакадалар, күйүүчү материалдардан курулган өзүнчө турган колонналар жана түркүктөр боюнча, ошондой эле отко туруктуулугу I жана II даражадагы имараттарды кошпогондо, имараттардын дубалдары менен чатырлары боюнча;

2) күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - галереяларда, эгер бул продуктулардын аралашуусу жарылууну же өрттү пайда кылышы мүмкүн болсо;

3) күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - күйө турган жабуулары жана дубалдары боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча имараттардын жабдуулары жана дубалдары боюнча;

4) күйүүчү газдардын газ түтүктөрүн - күйүүчү катуу жана суюк материалдардын кампаларынын аймактары боюнча.

Өзүнчө таянычтарга жана эстакадаларга орнотулуучу күйүүчү суюктуктар үчүн өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүндөгү тармагын оюктары бар дубалдардан 3 метрден кем эмес, оюктары жок дубалдардан 0,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек.

3. Мунай кайра иштетүүчү заводдордун, мунай базаларынын мунай жана мунай заттарын сактоо кампаларынын, ошондой эле май куюучу станциялардын аймагында өрттү өчүрүүгө тиешелүү запасы бар, көбүк түзүүчү талаптагыдай запасы, суунун зарыл запасы, чагылган тоскуч жана өрттү табуучу, өчүрүүчү жана өрттө муздатып туруучу автоматтык тутуму каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-83)
