# 75-берене. Имараттарда, курулмаларда, өрт отсектеринде өрттүн таралышын чектөөгө карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2020 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112084)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357#diff=1209380..1209381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 75-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-75

---

1. Имараттардын, курулмалардын, өрт отсектеринин бөлүктөрү, ошондой эле функционалдык өрт коркунучунун ар түрдүү класстардагы жайлары бири биринен ченемделген отко туруктуулук чеги жана конструкциялык өрт коркунучунун класстары бар тосуучу конструкциялар, түзүлүштөр жана орнотмолор же өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнүүгө тийиш.

Мындай тосуучу конструкцияларга, түзүлүштөргө жана орнотмолорго, өрткө каршы бөгөттөрдүн типтерине карата талаптар жайлардын функционалдык өрт коркунучун, өрттүн жүктөмүнүн чоңдугун, имараттардын, курулмалардын, өрт отсектеринин отко туруктуулук даражаларын жана конструкциялык өрт коркунучунун классын эске алуу классын эске алуу менен белгиленет жана ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

2. Өрткө каршы бөгөттөрдүн функциясын аткаруучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери жана типтери, оюктарды жана тамбур-шлюздарды толтуруунун аларга ылайыктуу типтери тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.

Өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктарды толтуруунун тиешелүү типтери үчүн отко туруктуулук чектери белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык аныкталат.

3. Автоматтык өрт сигнализациясы же өрт өчүрүү тутумдары менен жабдылган имараттарда лифттердин блокировкасы болууга жана өрт чыккан учурда автоматтык түрдө 1-кабатка түшүрүлүүгө, эшиктери ачылууга жана жабылбоого тийиш.

4. Тепкичтердин жана тепкич клеткаларынын көлөмдүк-пландык чечилиштери жана конструктивдик аткарылышы өрт чыкканда адамдарды имараттардан коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга жана кабаттардын ортосунда өрттүн жайылышына тоскоолдук кылууга тийиш.

5. Имараттардын жана курулмалардын цоколдук жана жер төлөсүндөгү кабаттарында лифтке кирүү өрттө абаны үйлөтүү менен 1-типтеги тамбур-шлюздар аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.

(КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-76)
