# 74-берене. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугуна жана өрт коопсуздугуна карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2020 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112084)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357#diff=1209380..1209381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 74-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-74

---

1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы алардын кабаттуулугуна, функционалдык өрт коркунучтуулугуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш.

Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган отко туруктуулук даражасына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасынын жана аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин ылайыктуулугу курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтурууну кошпогондо, оюктардын (эшиктердин, дарбазалардын, терезелердин жана люктардын, ошондой эле фонарлардын, анын ичинде зениттик жана башка жапма төшөлгүчтөрүнүн жарык-тунук участкаларын) толтурулушунун отко туруктуулук чектери ченемделбейт. (Абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы алардын кабаттуулугуна, функционалдык өрт коркунучуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучуна жараша белгиленүүгө тийиш.

Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучунун классы имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган конструкциялык өрт коркунучунун классына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы менен аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын конструкциялык өрт коркунучунун классынын ылайык келүүсү белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын кошпогондо, имараттардын тосуучу конструкцияларынын оюктарын (эшиктерин, дарбазаларын, терезелерин жана люктарын) толтуруунун өрт коркунучу ченемделбейт. "Ф 1.1" функционалдык өрт коркунучундагы имарат үчүн "К0" классындагы сырткы жылуулоо тутумдарын колдонгондо аларда күйбөөчү материалдарды пайдалануу керек.

3. Курулуш конструкцияларынын жол берилген отсо туруктуулук чектерин жана өрт коркунучунун класстарын аныктоо боюнча сыноолордун усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.

(КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-75)
