# 71-берене. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана функционалдык арналышын өзгөртүүдө өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 71-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-71

---

1. Имараттар менен курулмалардын конструкциялык, көлөмдүк-пландоо жана инженердик-техникалык чечилиштери өрт учурунда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин кесепетинен адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенге чейин аларды коопсуз зоналарга эвакуациялоону;

2) адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мүмкүндүгүн;

3) имараттар менен курулмалардагы кандай болбосун жайларына өрттөн сактоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын жетүү жана өрт өчүрүү каражаттарын жеткирүү мүмкүндүгүн;

4) от өчүрүүчү заттарды өрттүн очогуна берүү мүмкүндүгүн;

5) өрттүн коңшулаш имараттар менен курулмаларга тарап кетпешин;

6) өрттөн коргоонун заманбап сигнализация тутуму болгон учурда электр менен жабдууну, газ менен камсыздоону, ысык суу менен камсыздоо жана суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүнү жана авариялык жарыкты берүүнү (көп кабаттуу турак үйлөрдө - тепкич клеткаларында жана квартиралардын кире беришинде);

7) ушул Мыйзамда жана өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт коопсуздугунун талаптарына.

2. Ушул объекттер үчүн ченемдерде жана эрежелерде жана (же) өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларында айтылган учурларды кошпогондо имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайлар сырткы дубалдардын жанында, ал эми көп кабаттуу жайларда - үстүңкү кабаттарда жайгаштырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-72)
