Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
71-берене. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана функционалдык арналышын өзгөртүүдө өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Имараттар менен курулмалардын конструкциялык, көлөмдүк-пландоо жана инженердик-техникалык чечилиштери өрт учурунда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин кесепетинен адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенге чейин аларды коопсуз зоналарга эвакуациялоону;
2) адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мүмкүндүгүн;
3) имараттар менен курулмалардагы кандай болбосун жайларына өрттөн сактоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын жетүү жана өрт өчүрүү каражаттарын жеткирүү мүмкүндүгүн;
4) от өчүрүүчү заттарды өрттүн очогуна берүү мүмкүндүгүн;
5) өрттүн коңшулаш имараттар менен курулмаларга тарап кетпешин;
6) өрттөн коргоонун заманбап сигнализация тутуму болгон учурда электр менен жабдууну, газ менен камсыздоону, ысык суу менен камсыздоо жана суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүнү жана авариялык жарыкты берүүнү (көп кабаттуу турак үйлөрдө - тепкич клеткаларында жана квартиралардын кире беришинде);
7) ушул Мыйзамда жана өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт коопсуздугунун талаптарына.
2. Ушул объекттер үчүн ченемдерде жана эрежелерде жана (же) өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларында айтылган учурларды кошпогондо имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайлар сырткы дубалдардын жанында, ал эми көп кабаттуу жайларда - үстүңкү кабаттарда жайгаштырылууга тийиш.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-71" title="71-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>