# 70-берене. Курулуш объекттеринин долбоордук документтерге карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 70-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-70

---

1. Имараттар менен курулмалардын, курулуш конструкцияларынын, инженердик жабдуулардын жана курулуш материалдарынын долбоорлоо документтери ушул Мыйзамда, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү, ошондой эле мүмкүн болуучу өрттү өчүрүүгө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө күчтөрдүн жана каражаттардын эсебин камтууга тийиш.

2. Өрт коопсуздугунун ченемдик талаптары болбогон имараттар менен курулмалар үчүн ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун тиешелүү өзгөчөлүгүн чагылдырган жана зарыл инженердик-техникалык жана өрткө каршы уюштуруучулук иш-чаралардын комплексин камтыган атайын техникалык шарттар иштелип чыгууга тийиш.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-71)
