# 69-берене. Өрт деполоруна карата өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 69-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-69

---

1. Өрт деполору магистралдык көчөлөргө же жалпы шаардык мааниге ээ жолдорго чыгуучу жолу бар жер участкаларында жайгаштырылууга тийиш. Жер участкаларынын аянты өрт деполорунун тибине жараша долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.

2. Өрт депосунун участкасынын аймагынын чегинен коомдук же турак жай имараттарына чейинки аралык 15 метрден, ал эми жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдар жана дарылоо мекемелеринин жер участкаларына чейинки аралык - 30 метрден кем болбоого тийиш.

3. Өрт деполорун кызыл сызыктан ары өрт автомобилдери чыгуучу маңдай жагына чейин 15 метрден кем эмес аралыктагы участкада жайгаштыруу зарыл, II, IV, V типтердеги өрт деполору үчүн көрсөтүлгөн аралыкты 10 метрге чейин кыскартууга жол берилет.

4. Өрт депосунун аймагыңда жайгаштырылуучу имараттар менен курулмалардын курамы, имараттар менен курулмалардын аянттары долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.

5. Өрт депосунун аймагында эки кирүүчү (чыгуучу) жери болууга тийиш. Машина кирүүчү (чыгуучу) дарбазанын туурасы 4,5 метрден кем болбоого тийиш.

6. Өрт депосунун аймагында өрт гидранты, спорттук аянтча жана өздүк курам менен окууларды өткөрүү үчүн окуу мунарасы каралууга тийиш.

7. Өрт депосунун аймагындагы жолдорго жана аянтчаларга катуу төшөлмө төшөлүүгө тийиш.

8. Өрт депосунун чыгуу аянтына каршы көчөнүн өтүүчү бөлүгү жана тротуар айгай белгиси боюнча гараждан чыгуу убагында транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын токтотууга мүмкүндүк берүүчү светофор жана (же) үн белгиси бар жарык көрсөткүчү менен жабдылууга тийиш. Светофорду өрт депосунун байланыш пунктунан аралыктан күйгүзүү жана өчүрүү каралат.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-70)
