# 68-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарда өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 68-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-68

---

1. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн айылдык калктуу конуштардын аймагына дислокациясынын чыгуу радиусу 25 км, ашык эмес аныкталат, мында биринчи бөлүмдүн жетүү убактысы 25-40 мүнөттөн ашпоого тийиш, 5 км ашпаган шаардык калктуу конуштарда жетүү убактысы 10 мүнөттөн ашпоого тийиш.

Ведомстволук өрттөн сактоо кызматтарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн, муниципалдык өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн дислокациялоо орду тиешелүүлүгүнө жараша чарбалык ведомство жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

2. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү өрт деполорунун имараттарында жайгаштырылууга тийиш. Шаардык калктуу конуштар үчүн бир күжүрмөн эсептин (бир автоцистернадагы экипаждын) саны 6 адамдан кем болбоого жана айылдык калктуу конуштар үчүн - 4 адамдан кем болбоого тийиш. Шаардык калктуу конуштарда бир өрт депо 100 миң адамды тейлейт, ал эми айылдык калктуу конуштарда - 30 миң адамды.

3. Мамлекеттик өрттүн алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн инспектордук курамынын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калктын санына жана чарба объектилеринин санына негизденип аныкталат.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-69)
