# 62-берене. Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 62-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-62

---

1. Имараттар менен курулмаларда, ошондой эле уюмдардын жана калктуу конуштардын аймактарында өрт өчүрүү үчүн өрткө каршы суу менен жабдуу булактары болууга тийиш.

Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары катары табигый жана жасалма көлмөлөр, ошондой эле ички жана сырткы суу түтүктөрү (анын ичинде ичүүчү, чарбалык-ичүүчү, чарбалык жана өрткө каршы) пайдаланылышы мүмкүн.

2. Ар бир долбоорлонуучу объектте ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 200 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан колдонуудагы өрткө каршы суу булагына (өрт гидрантына) же жаңы долбоорлонуп жаткан гидрантка байланыштуу болууга тийиш.

Өрт өчүрүүчү автомобилдердин сууларга, көлмөлөргө, суу сактагычтарга, жасалма көлмөлөргө жана башка суу артерияларына өтүү мүмкүнчүлүгү (атайын пирс) каралуусу зарыл.

3. Жасалма көлмөлөрдү куруу, табигый көлмөлөрдү пайдалануу жана өрткө каршы суу түтүктөрүн куруу зарылдыгы, ошондой эле алардын параметрлери Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылары жана курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-63)
