# 61-берене. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 61-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-61

---

1. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкү максаттардын бирине же бир нечесине жетүүнү камсыз кылууга тийиш:

1) жайда (имаратта) өрттүн коркунучтуу факторлорунун чектүү маанилерине чейин жеткиче өрттү жок кылууга;

2) жайда (имаратта) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегине жеткиче өрттү жок кылууга;

3) жайда (имаратта) корголуучу мүлккө чоң зыян келтирбегендей кылып өрттү жок кылууга;

4) жайда (имаратта) технологиялык аппараттардын (орнотмолордун) талкалануу коркунучу келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;

5) электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүгө, ошондой эле турак үйлөрдөгү жана коомдук имараттардагы авариялык жарыкты күйгүзүүгө.

2. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголууга жаткан имараттардын, курулмалардын, бөлмөлөрдүн жана жабдуулардын тизмеги, автоматтык өрт өчүрүү орнотмосунун тиби, отту өчүрүүчү заттын түрү, аны өрттүн очогуна жиберүү ыкмасы жана аларды монтаждоо боюнча талаптар көлөмдүк-пландоо чечилишине, коргоо объектинин функционалдык арналышына жана айлана-чөйрөнүн параметрлерине жараша Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-62)
