# 60-берене. Имараттар менен курулмалардагы өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 60-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-60

---

1. Имараттар менен курулмалар белгиленген ченемдерге ылайык өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен камсыз кылынууга тийиш жана алар колдонуу үчүн эркин жеткиликтүү болушу керек.

2. Имараттар менен курулмаларда өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын жайгаштыруунун номенклатурасы, саны жана орду күйүүчү материалдын түрүнө, имараттын же курулманын көлөмдүк-пландоо чечилишине, айлана-чөйрөнүн параметрлерине жана тейлөөчү персоналдын жайгашуу ордуна жараша аныкталат жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

Мында имараттын, курулманын өрттөн коргоо тутуму (анын ичинде өрттү табуу жана өчүрүү тутуму, адамдарды эвакуациялоо жолдору жана түтүнгө каршы коргоо тутуму) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары иштебей калган учурда өрт өчүрүүгө өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен катышып жаткан тейлөөчү персоналдын коопсуз эвакуациялануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-61)
